Такыбаалык.

Такыбаалык.

Рисале-и Нур
Такыбалык

(Бул кат абдан маанилүү)

بِاسْمِهِ سُبْحَانَهُ

اَلسَّلاَمُ عَلَيْكُمْ وَ رَحْمَةُ اللّٰهِ وَ بَرَكَاتُهُ اَبَدًا دَائِمًا

📜 Урматтуу, чынчыл менин бир туугандарым!

🔹️ Бу күндөрү Куран Хакимдин назарында ыймандан кийин эле эң маанилүү маселе болуп эсептелген такыбалык жана салих амалдар тууралуу ойлондум. Такыбалык – бул тыюу салынган нерселерден жана күнөөлөрдөн оолак болуу; салих амалдар болсо – Аллах Таала буюрган алкактан чыкпай иш кылып, сооп табуу. Ар дайым жамандыктан оолак болуу пайдалуу нерселерге умтулуудан жогору туруу менен бирге, ушул талкалоо, бузукулук, азгыруучу жана арам жыргалдын заманында ушул жамандыктардан качуу жана чоң күнөөлөрдү таштоо такыбалыктын эң башкы негизи болуп, абдан чоң маанилүүлүккө ээ болгон.


Бу заманда, талкалап бузуу иштери жана терс агымдар күч алып жаткандыктан, такыбалык буга каршы эң чоң негиз болуп саналат. Парздарды аткарып, чоң күнөөлөрдү кылбаган адам кутулат. Мындай чоң күнөөлөрдүн ичинде салих амалдарга ыкылас менен ийгиликке жетүү өтө сейрек.


Анын үстүнө, аз бир салих амал аткаруу мындай оор шарттардын ичинде көптөгөн жакшы амал аткаргандай болуп саналат.


Ошондой эле такыбалыктын ичинде да өзүнчө салих амалдар бар. Анткени, бир арамды таштоо – важип. Бир важипти аткаруу болсо, көптөгөн сүннөттөргө тете сообу бар. Такыбаалык – мындай оор заманда миңдеген күнөөлөрдүн чабуулу астында бир эле күнөөдөн оолак болуу менен аз гана амал кылып, жүздөгөн күнөөлөрдү таштоо аркылуу жүздөгөн важиптерди аткаргандай болот. Ушул маанилүү маселе ниет кылуу менен такыбалыктын атынан жана атайын күнөөлөрдөн качуу шарты менен болгон болсо, бул дагы салих ибадаттардын катарына кирет.


Бул заманда Рисале-и Нур шакирттеринин эң маанилүү милдеттери – бузукулукка жана күнөөлөргө каршы такыбалыкты негиз тутуу менен аракет кылуусу керек. Ырас, азыркы коомдук жашоонун жолунда адам баласына мүнөт сайын жүздөгөн күнөө кол салып жаткандыктан, албетте, такыбалык жана күнөөлөрдөн оолак болуу ниети менен жүздөгөн салих амалдарды аткарган болуп эсептелет. Баарыбызга белгилүү болгондой, бир адам бир күндө талкалаган бир имаратты жыйырма киши жыйырма күндө кайра тургуза албайт жана бир адамдын талкалаганын оңдоо үчүн жыйырма адамдын иштөөсү керек болгонуна карабастан, азыр миңдеген кыйратуучуларга каршы Рисале-и Нурдай бир эле оңдоочунун мынчалык кайраты менен таасири абдан таң калычтуу. Эгерде ушул эки карама-каршы күч бир деңгээлде болгондо, оңдоочулар өтө кереметтүү жеңиштерге жана ийгиликтерге жетишишмек.


Мисалы: Коомдук турмушту жөнгө салып турган эң маанилүү негиздерден болуп эсептелген урмат-сый менен ырайым кылуу өтө алсыздап кетти. Кээ бир жерлерде бечара кары-картаңдарга, ата-энелерге бу жагдай өтө жаман натыйжаларды берүүдө. Аллах Таалага шүгүрлөр болсун, Рисале-и Нур мындай коркунучтуу талкалоолорго каршы кирген жерлеринде туруштук берип, калыбына келтирүүдө. Зулкарнайндын чебинин кыйроосу менен йажуж-мажуждардын дүйнөнү кыйратуусу сыяктуу Мухаммед (С.А.В.)дын шарияты болгон Куран чебинин уроосу аркылуу жана йажуж-мажуждан да аша чаап, анархия жана зулумдуу бир динсиздик адамдын өмүрү менен адеп-ахлагын караңгы түнгө айлантып талкалап буза баштады.


Рисале-и Нур шакирттери мындай жагдайда руханий күрөштөрү аркылуу, иншааллах сахабалардын заманындагыдай, аз амал менен өтө чоң соопторго жана салих амалдарга ээ болушат.


Кымбаттуу боордошторум, мына ушундай заманда, мындай коркунучтуу окуяларга каршы ыкылас күчүнөн кийинки эле эң чоң күчүбүз – акыреттик амалдарды биргелешип аткаруу эрежеси менен бири-бирибизге калемдерибиз аркылуу ар биринин амал дептерине сооп жаздыргандай эле, тилдери аркылуу да ар биринин такыбалык чебине жана коргонуна күч жана жардам жөнөтүү болуп саналат. Ошондой эле, өзгөчө бороон-чапкындуу кол салууга дуушар болгон ушул жарды жана алсыз боордошуңарга ушул берекелүү үч айларда жана белгилүү күндөрдө жардам берүү – силердей каарман жана мээрман инсандардын иши. Жан-дилим менен ушул руханий жардамды силерден суранам. Мен да ыйман жана садакат (берилгендик) шарты менен, Рисале-и Нур шакирттерин бардык дубаларыма жана руханий ийгиликтериме жыйырма төрт саатта, иштираки амали ухравия (акыреттик амалдарга ортоктош болуу) эрежеси менен, кээде жүздөн көбүрөөк Рисале-и Нур шакирттеринин наамы менен шерик кыламын.


Саид Нурси



Булак: Рисале-и Нур Куран тафсири

 🌐 Telegram:@risaleinur_kg

Report Page