Селдесине чок түшкөн “молдо» Шаки мамлекетке жылына 6 млрд. сом салыкты кантип жашырып жүрөт?

Селдесине чок түшкөн “молдо» Шаки мамлекетке жылына 6 млрд. сом салыкты кантип жашырып жүрөт?

Тунгуч Аралбаев

Жакында болуп өткөн Салык кызматынын коллегиясында Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев «Алкоголдук продукциянын көрсөткүчтөрү бир канча эселеп түшүп кетти. Былтыркы жыл 15 миллион литр алкоголдук азык өндүрүлсө быйыл 4 миллион 410 миң литр. Кантип ушундай өзгөрдү же элдер ичкенди токтоттубу? Статистика боюнча алкоголдун импорту болсо өскөнүн түшүнүп жатабыз»,-деп кол алдындагыларга нааразы болгон эле.

Мына ошондон кийин бул тармакты монополия кылып алган,эл Шаки деген ат менен тааныган «АЮнун» ээси Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу жазып коелу дедик. Антпесек, элде Раим миллион тууралуу гана айтылып, андан кем эмес бийликке таасири бар, кандай гана бийлик болбосун жылуу колтугунан кирип алып, мамлекетти, элдин акысын жеп миллиарддарды жасаган Шаки-миллиард тууралуу көп айтылбай келе жетет.

Биз эмгеге аны «Молдо» деп тергеп жатабыз? Анын жөнү мындай, азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбеков беш убак намазын тургузуп алган, абдан такыбаа, арам иштер менен алектенгендерди жек көргөн таза адам эмеспи. Ошондуктан, арактын акчасы же арам оокаттан байыган Шаки Президент менен жакындаша албай эки жылдан бери эзилип кыйналат. Мурда болсо Аскар Акаевичке Айдар аркылуу өз балага айланса, андан кийин ачкылга чукул Курманбек Бакиевдин тилин бат эле таап алган да. Ал тургай Сокулукта спирт заводун курганда анын 50 % акциясын Максимге каттатып, канкор бакиевдер менен бирге бизснесин өркүндөткөнүн көпчүлүк билбесе керек.

Андан кийин го, «агынан 10 грамм алып коем» деп ичкиликке симпатиясын жашырбаган Алмазбек Атамбаев Президент болуп, Шакинин күнү тууйт. Резиденцияга үйүндөй каттап, арагын арактай, таза спиртин спирттей ташыган Шаки Атамбаевдин жакын адамына айланат да калат. Икрам сыяктуу шоопурлардын да тилин таап, оолжутуп отуруп, алардын саясий таасирдүү кишиси болуп чыгат. Ошондон улам анын парламенттеги адамдары Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевдин саясий карьераларын талкалоого салым кошуп, 2015-жылы болсо эки айда «Кыргызстан» деген кызылкулактардын партиясын түзүп, парламентке үчүнчү болуп кирип келип атпайбы!

Дагы бир оозду Ошту карата турган жагдай- Атамбаевдин кошелогуна айланган «Аюнун» кожоюну аны кечээ элди атып, кармалганга чейин каржылап келиптир. Анын Кой-Таштагы резиденциясына бордолгон букаларды жиберип, продуктуларды, суу,арактарды машинелеп түшүртүп, акчалай да «подпитка» кылып турганын эгер тергөө жакшы жүрсө күбөлөр сайрап берет деп жатышат.

Шакинин бул кылыктарын С. Жээнбеков билбейби? Албетте, анча-мынчасын билет. Ошондуктан аны жанына жолотпой эки жылча жүрөт. Бирок, «шайтанды да жолдон чыгарган» айлакер эргул кайсы бир аппарат кызматчыларынын башын айлантып, 2019-жылы жазда акырын Президенттин кабылдамасына жетет. Президент аны менен суз учурашып, «Шаки, сен арак чыгарып арам менен шугулданып жатасың. Канча адамдар сенин арагыңдын айынан оо дүйнөгө узап, турмушу бузулуп, балдар жетим аялдар жесир калып атат. Арагыңды токтотуп, башка тармакка өтпөсөң сени менен сүйлөшө албайм» деп күңк этет. Кызык, мына ушерден баштаталат. Бийлик менен байлык дегенде жанын берген Шаки Президенттин этегине жыгылып, «Сооронбай Шарипович, динде Падыша Кудайдын жердеги көлөкөсү дейт экен. Сиздин бир ооз сөзүңүз-экинчи арак ичпейм. Арак бизнести да азайтып жок кылам, убадамды берем, күнөөмдү дин жолунда жүрүп жууйм»,-деп көзүн жашылдандырат.

Чыккандан кийин чын эле Президентке жагыныш үчүн баарына кайыл болот да, арагын тыят. Спорт менен алектенип,телефонунан Куран жаттап, алкомагнат Шаки бат эле таксырга айланат. Эки айдын ичинде Меккеге эки жолу каттап, баягы Шаки тааныгандардын «Алласын оозуна келтирет». Орозо кармап, орозо маалында арак заводдорун токтотуп салат. Шайтандап жүрчү Шакинин бул жүрүм-туруму Акүйдөгүлөргө, андан аны Президентке жетет. Президент деле пенде да «Шаки жакшы адам тура, мамлекет башчысы катары бир ооз кебимди эки кылган жок, адал иштерге аралашканы жакшы» деп элжиреп, кабылдамасына кезекке жазып, кайрадан Шакини кабыл ала баштайт.

Мына ошондон пайдаланган Шаки жазында кетет-кетпейт болуп жаткан М. Абылгазиевди сактап калууга жетишет. Президентке таттуу жомокторду айтып, анын айланасындагыларды акча менен имерип алат. Саясий оюнчу болуп бышкан неме, такыбаа Асилбекти эмес, кез-кезде кулкунга арактан култ эттирип койчу Куда-Алиярбек Абжалиев менен достошуп, экөө жылаңайлак катташа баштайт. Аны пайдаланып иштерин чечет, Бишкектеге бир топ менчик жерлерин, мыйзамсыз курулуштарын бүтүрүп, ал тургай эң майлуу тармак-энергетиканы колуна алып, ал жерге өз кадры-Айтмамат Назаров деген аграрникти алпарып коет. 

Бирок, иши жүрүшүп, бул бийликтин да эсебин тапкан Шаки молдонун жайдын ысыгында селдесине чок түшөт. Тактап айтканда, көнгөн адат калабы, өмүр бою канында спирт ойногон неме чыдабай, оозун ачып алат, арактан ууртап баштайт. Бирок, мунусун жашырып, жай бою Көл жээгиндеги сатып алган «Акмарал» пансионатындагы кымбат коттедждеринде болот. Ал жерге Алиярбек баштаган Акүйдүн кыйынчыкмаларын улам чакырып коноктоп, алар менен 100 граммдан сеп этип, «шеп билбесин, оозбасырык берем, унчукпагыла» деп каткыра, карта ойноп жүргөн маалы.

Майли, Мекеге барып, ажы болуп келип, анысын арак менен «жууп» отурганы анын өз абийри дейли. Лекин, Президент, Өкмөттүн башчысы бул Шаки-миллиондун кантип байып, мамлекетти кантип «отургузуп» келе жатканын сырын билип, бюджеттин бөксөсүн толтурушу керек да. Ошондуктан, биз «Аюнун» өлүгү кайда катылганын бир аз ачыктап, фискалдарга жол ачып койсокпу дедик. Бирок, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан тартып, финполиция, госфинразведкага чейин кадрларын киргизип алган Шаки көмүскө бизнесин уланта бериши деле мүмкүн.

Шакинин спирт заводдорунун алгачкысы 2008-жылы Токмокто курулган. Бир суткада 30 тонна спирт чыгарат. Бирок, башынан эле 50 пайызын Максим алган бул заводду Шаки менен Максим документтерге «суткасына 10 тонна спирт өндүрөт» деп «оформить» этишкен. Ошондо, 11 жылдан бери Шаки суткасына 20 тонна спиртти мамлекеттен жашырып келе жатат. Эми аны акчага айландырсаң, сандардан башын чаташат да, туурабы? 2008-жылы декабрда заводду Курманбек Бакиев өзү барып ачып, «чистогандан» бастырып кеткени эсибизде. Жашырылган 20 тоннаны айтпаганда деле Шаки Максимге таянып, «Этил спиртин өндүрүү жана айлантуудагы монополизацияга бөгөт коюуу тууралуу» мыйзамды одоно бузган. Анткени, ал мыйзамда ак кагазга кара тамгалар менен «суткасына 10 тоннага чейин спирт өндүргөн заводдорго лицензия берилбейт» деп жазылып турат.  Кийин, революциядан кийин шакан Шаки арткы числолор менен заводдун документтерин өзгөртүп, Максимди тааныбайм деп четке чыга берет. Бирок, иш жүзүндө азыр деле жашыруун түшкөн пайдадан Максим Курманбековичке бөлүшүп турат деген кептер бар. Анткени, Европага, Лондонго көп каттап, Максимдин чөйрөсүндөгү адамдар менен алиге чейин кол үзүшө электиги тууралуу айрым фактылар да бар. Аны кийинчерээк ачыктайбыз.

Шакинин экинчи спирт заводу  2015-жылы Сокулукта курулуп, ишке берилген. Ал дагы документ түрүндө суткасына 10 тоннага чейин спирт өндүрө алат деп жазылып турганы менен факты түрүндө 30 тоннадан кем спирт чыгарбайт. Мурдагыдай эле миңдеген тонна жашыруун спирт, демек, мамлекеттин бюджетин кыйгап өткөн миллиарддаган сомдор.  Анда да ал заводдун жанына «Топоз» деген пивзавод куруп, заводдун жанынан 3 гектар жерди Атамбаевдин шоопуру Икрам Илмияновго белек кылган. Ал жерге болсо Икрам коробка чыгаруучу завод курдуруп, чөнтөгүн толтурган дешет.

Математикалык ой жүгүртүү кылып көрөлүчү, ошентип Шаки он жылдан бери суткасына 60 000 литрден спирт өндүрүп келетат. Бул бир айга 1 800 000(1 миллион 800 миң) литр, бир жылда 18 000 000 (он сегиз миллион!) литр спирт болот. Муну 0,5 литрлик аракка айлантканда суткасына 300 000(үч жүз миң) бөтөлкө, айына 9 000 000 (тогуз миллион)бөтөлкө, бир жылга 90 000 000 (токсон миллион) бөтөлкө арак чыгарып жатат. Эми мындан түшкөн таза кирешени тим коелу, ушунча бөтөлкө арак үчүн Шаки-молдо акциз үчүн эле жылына 3 150 000 000 (үч миллиард 150 миллион) сом төлөмөк.

Ал эми салык жагынан айтсак, 90 млн. Бөтөлкө аракты эн арзан баа 150 сомдон эсептегенде 13 млрд. 500 млн. сом легалдуу түрдө сатыктан акча түшөт. Буга сатуудан түшкөн салык, кошумча нарк салыгы жана салыктардын түрүн кошкондо 22% акча мамлекеттин бюджетине түшмөк. Ал болсо 2 млрд.970 млн. сом же 85-90 млн. доллар. Ошондо биздин алкомагнатыбыз мамлекетке жыл сайын 3-6 млрд. сомду жашырып төлөбөй, ар кандай электрондук кошелогдор менен Лондонго, АКШга чыгарып, айтмакчы, аялы Айзада АКШ жараны, сырттан портторду виллаларды сатып алып жатканы бекеринен эмес экен.

Мына ушул суммадан кийин гана Шаки «смело» арагын ичип, алкомагнаттыгына сыймыктанып, ал тургай Өкмөт башчы болуп алса да жарашмак. Бирок, андай эмес да. Анын «Аю» холдинги мамлекетке жылына 200 000 000 (эки жүз миллион) сом араң төлөйт. Анысын кайра-кайра айтып, өлкөдөгү эң чоң, эң иштемчил, меценат, кайрымдуу холдинг деп тааныштырып келет. Башкача айтканда, Шаки-молдо-миллиардер бир КамаЗ кум ташып баратып, жолдогу эл менен мамлекетке бир ууч кум сээп өтүп кеткендей эле мамиле кылат. Болбосо, жылына 3 млрд. Сом төккөндүн ордуна 200 млн. Сом төгүп кутулуп жатканы Кудайга жага турган ишпи?!?!?!

Ошентип биз бул жолу Шаки-миллиарддын ишмердигинин бир каалгасын гана кактык. Мына ушул мыйзам бузууларга мамлекеттик тиешелүү органдар эмне дешет болду экен? Же «акчам жана ЖКдагы чөнтөк депутаттарым менен премьерди байпактай алмаштырам» деген сөзүнөн коркуп, Премьер баштаган өкмөт мүчөлөрү, фискалдар «Аюну» казгандан коркуп, анын көмүскө империясынын гүлдөшүн каалап отура беришеби?

Ал болсо жашырылган миллиарддардан жыл сайын бир-эки завод ачымыш болуп, анын банктагы кредиттер менен «адалдап», тар чөйрөдө талтаңдап, «2024-жылы Президент болуп койсом жарашат, Соке болгон мен боло албай калыптырмынбы,ыя?» деп күпүлдөп Президентке намаз окуп кирип, чыкканда «Кыргызстанды» (Аю арагы)шимирип, жүрө береби?

Айтор, адалсынган алкомагнатка суроолор арбып баратат. Анын жанында керек болсо Раим миллион да аппак болуп калат. Себеби, Матраимовдор арак чыгарбайт, элди уулап, арам жолго салбайт да. Тескерсинче, алар Шакиге караганда жүздөгөн адамдарды оорудан айыктырып, сооп таап жүрүшөт...