Россия Тажикстанга жана Кыргызстанга мугалимдер жиберет

Россия Тажикстанга жана Кыргызстанга мугалимдер жиберет


Россия Тажикстанга жана Кыргызстанга мугалимдер жиберет

ТАСС кабар агенттиги маалымдашынча, Россия билим берүү министрлиги Тажикстан жана Кыргызстан өлкөлөрүндө сабак берүү үчүн окутуучулар кабыл алат. Бул мугалимдер үчүн жогору айлык акы берилет. Турак жай, медициналык жардам о.э. транспортко ж.б. зарылдыктарга керектелчү бардык каражаттар менен камсыздалат.

Министрликтин басма сөз кызматы: "Министрлик Россия мугалимдеринен Тажикстан жана Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылдары иштеш үчүн арыздар кабыл алынышын жарыялайт", - деп билдирүү жасады.

Планга ылайык, орус тили жана адабияты, физика, математика, химия, маалымат технологиясы жана башталгыч класстар мугалимдери кабыл алынат.

"Россия мыйзамчылыгына ылайык, окутуучулук стажы үзүлбөйт. Болгону, мугалимдик эмгек стажы беш жылдан кем болбошу керек". 

Министрлик маалым кылышынча, Россия билим берүү министрлиги 2017-жылдан баштап Тажикстан орто мектептери үчүн мугалимдерди иш менен камсыздап келүүдө, Кыргызстанга болсо ушул жылдан тартып жиберилет.

Комментарий :

Россия мындай долбоорду Тажикстанга карата 2 жылдан бери колдонуп келүүдө. Былтыркы жылдын сентябрь айында эле Россиянын 60тай мугалимдери Тажикстанга жиберилди, аларга Россия тарабынан да, Тажикстан тарабынан да айлык акы берилип келүүдө.

Бул кабарды окуганда Россияда эмгек мигранты болуп жүргөн дипломдуу мугалимдерибиз көз алдыма тартылды. Алардын өз кесиби менен алектенбей, орусиялыктар кылбай койгон иштерди кылып жүргөнү эч кимге сыр эмес.

Алар да өз учурунда түндү таңга улап, малы-жанын сарфтап, билим алышкан. 5 жыл ичинде түрдүү машакаттарды баштан өткөрүшкөн, турмуштук көйгөйлөрдү көтөрүшкөн. Ошондо жакшы ниетте "эртең диплом алсам, өз сүйгөн кесибим менен иштейм..." деген арзуулар менен сабыр кылышкан. Бирок, жашоо шарт талабы менен, миңдеген башка интеллигенттердин катарында, азыр мамлекеттен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болушууда.

Айтыңызчы, ушул учурда, өлкөбүздө өз мугалимдерибиз жетиштүү эмеспи? Миңдеген жогорку билимдүү жарандарыбыз катар-катар дипломдору менен жумушсуз калып, аргасыздан чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип жатышат го. Анткени, айлык акы аз, мектептер жетишсиз, жумушчу орун жетишсиз.

Анан кандайча эми чет элдик мугалимдерге жумуш орундары табыла калды? Болгондо да ушунча артыкчылыктар, жеңилдиктер менен...

Өзүбүздүн мугалимдерибиз үй-бүлөдө алган тарбиялары себептүү жана исламий баалуулуктар сакталып калган чөйрөнүн таасири астында окуучуларды Ислам өкүмдөрүнө амал кылуудан тосушпайт, ал тургай, орус мектептеринде да кыздарыбыздын жоолук оронуп келүүлөрүнө дээрлик тоскоолдук жок. Ушундай болгон соң, Россиянын алгач Тажикстанга, эми болсо Кыргызстанга көрсөтүп жаткан мындай “колдоосу” эмнеликтен?

 Баарыбызга белгилүү болгондой, капиталисттик держава ар бир ишин өз пайдасына карап белгилейт. Ошондуктан, орус окутуучуларынын Орто Азия өлкөлөрүнө келиши жана ушунчалык артыкчылыктарга ээ болуулары да, эч шек-күмөнсүз, мына ушул империалист кафирлердин өз кызыкчылыктары үчүн болууда.

Негизи, биздин мугалимдер өзүбүз жашап жаткан чөйрөнү ар кандай сырттан келген адамдардан көрө жакшыраак билишет, демек, алар балдарыбызга билимди башкалардыкынан артыгыраак сиңдирет.

Болгону, учурдагы таалим берүү системасынын бузуктугу айынан, перзенттерибиз кайратсыз, мээримсиз , дининен алыс өсүп калышууда.

Азиз ата-энелер, перзенттерибиз тарбиясындагы кемчиликтерге кайдыгер карабайлы. Жакшы ниеттер менен "келечекте билимдүү инсан болсун, мен окубай калдым эле, ушул балам окусун, адам болсун" деп, миңдеген машакаттар чегип окутасыздар.

Мектеп айланасында, айрыкча орус мектеп астанасында изги тилектер менен кезекте турган хижабдуу муслималарды көрүп, башымдан ушундай ойлор өтөт.

Сырттан келген , динибизге жат, тилибизден, урф-адатыбыздан, тарбиябыздан таптакыр кабарсыз, эң жаманы, исламий сакофатыбызга каршы азыктандырылган окутуучулар эч качан перзенттерибизди туура жолго баштабайт. Алар "Аллахтан корк, ата-энеңдин акысын өтө, бул дүйнөдө да, ахиретте да азиз болосуң" деген кептерди айтат дейсизби? Биз күнү бою балабызга Ислам акыйдасын сиңдирсек да , ал мектепке барып, буга тескери таалим алып келет. Азиз ата-энелер, эгер перзенттериңиз таквадар болушун, Аллахтан айбыга турган, биз дүйнөдөн өткөндөн кийин дуалары кабыл боло турган, солих амалдуу пенделерден болушун кааласаңыз, уул-кызыңыздын таалимине кайдыгер карабаңыз. Билип коюңуз, бир гана Ислам акыйдасы балдарыбызды туура жолго жолго баштайт, бул биздин ушул дүйнөдө ызаттуу болушубузга, ахиретте өкүнүп калышыбызга себепчи болот.

Эмне кылыш керек дейсизби? Жакшылап тыңдап алыңыз, Исламий жашоону кайтадан турмушка алып келиңиз. Анын алкагында таалим системасы да шарият негизинде түзүлөт.

Азиз ата-энелер, биз перзенттерибиздин дүйнө жана ахирети үчүн жоопкербиз! Алардын моралдык жана материалдык жактан, эң жаманы, сакофий жактан кулдарга айланышына жол бербейлик. Урпактарыбызга таза дүнүйө калтыралы, анүчүн мүмкүн болушунча Шариаттын турмушта колдонулушуна, Исламий башкаруунун тикеленишине малы-жаныбыз менен салым кошойлу.  

Балаңызды жакшы көрсөңүз, анын эки дүйнөсүнө кам көрүңүз.



Report Page