Рамазан айында Орозо тутуунун өкүмү.

Рамазан айында Орозо тутуунун өкүмү.

Талас Артыкбаев


Орозо сөзүнүн араб тилиндеги мааниси:

Тилдеги мааниси: бир нерсени кармоо жана бир нерседен тыйылуу.

Шарияаттагы мааниси: чын таң киргенден баштап күн батканга чейин тамактан, суусундуктан жана башка оозду ачуучу бардык нерселерден тыйылып, Аллахка ибадат кылуу.


Рамазан айында ар бир мусулманга орозо кармоо парз экенине Ханафий мазхабы, Маликий мазхабы, Шафиъий мазхабы жана Ханбалий мазхабынын аалымдары бир ооздон келишишкен.



Курандан далил:

(یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ كُتِبَ عَلَیۡكُمُ ٱلصِّیَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى ٱلَّذِینَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ)
[سورة البقرة 183]

Аллах Таала айтат:

"Оо ыйман келтирген момундар, такыба болушуңар үчүн мурдагы үммөттөргө орозо парз кылынган сыяктуу силерге дагы орозо парз кылынды."

(Куран, Бакара 183)


Аллах Таала бул аятта жалпы Аллахка ыйман келтирген мусулмандарга кайрылып, бизден мурунку өткөн үммөттөргө орозо парз кылынган сыяктуу бизге да орозо парз кылынганын айткан.

Ошондуктан Аллахтын жалгыздыгына ыйман келтирген ар бир мусулманга Рамазан айында орозо кармоо парз болуп эсептелет.



Экинчи далил:

(فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡیَصُمۡهُۖ )


Аллах Таала айтат:

"Силерден ким Рамазан айына күбө болсо - ал (мусулман) орозо тутсун!

( Куран, Бакара 185)


Аллах Таала бул аятта кайсы мусулман Рамазан айына аман-эсен саламатта жетип, күбө болсо анда орозо кармасын деп буйруган.

Албетте бул буйрук жаратылган падышалардын жана башка адамдардын буйругу эмес, тескерисинче бул буйрук бүткүл ааламдын Раббысы болгон Аллахтын буйругу, ошондукан ар бир мусулман Раббысынын буйругун укканда тезинен моюн сунуп, орозо кармоосу милдет болот. Себеби тезинен моюн сунууга эң акылуу болгон зат - ал жалгыз Аллах.
Ал эртең ким Өзүнүн буйруктарына моюн сунса Бейиш менен сыйлап жана моюн сунбаган адамдарды Тозок менен жазалоочу Зат.


Пайгамбарыбыздын ﷺ хадистеринен далилдер:


عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : " بُنِيَ الْإِسْلَامُ عَلَى خَمْسٍ : شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ، وَإِقَامِ الصَّلَاةِ، وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَالْحَجِّ، وَصَوْمِ رَمَضَانَ
رواه البخاري 8


Абдуллах ибн Умардан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Ислам беш түркүктүн үстүндө курулган. Жалгыз Аллахктан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Аллахтын Элчиси деп күбөлүк берүү, (күнүнө беш маал) намазды окуу, зекет берүү, ажылык кылуу жана Рамазанда орозо кармоо."

(Бухари 8, Муслим 16)


Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ Ислам беш түркүктүн үстүндө курулган деп айткан.

Ахлу сунна аалымдары бул хадисти түшүндүрүшүп мындай дешет: "Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ Исламды үйгө окшоштуруп үй төрт устундун үстүндө курулса, Ислам беш устундун үстүндө курулган. Эгер үйдүн төрт устуну толук тургузулуп бекем болсо, үй да бекем болгон сыяктуу, исламдын дагы беш парзы тургузулуп туура ататкарылса - ал мусулмандын дини да туура болот дешкен.

Мына ошондуктан үйдүн ар бир устунуна көңүл бурбаган адамдын үйү толук турбаганы сыяктуу, орозосун тургузбаган адамдын да ыйманы толук болбойт. Ошон үчүн ар бир мусулман Рамазанда орозо кармап, ушул парзды сактоосу милдет.

Ал эми ким Рамазан айына ден соолугу мыкты абалда жетип, бирок Рамазан айынын бир күнүн же бардык күндөрүндө жалкоолук кылып орозо кармабай, оозун аачып алган болсо, анда ал мусулман Исламда өтө чоң күнөө кылган болот.

Ал адам үчүн Аллахка тооба кылып Рамазан айынан кийин казасын толук өтөп берүү парз болот.

Аллах Таала Рамазан айында өзү буйругандай солих, сооптуу амалдарды кылууга баарыбызга жардам берсин!

Рамазан айыңыздар жемиштүү айлардан болсун!

🖊Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Report Page