Он үчүнчү сөздүн экинчи бөлүгү

Он үчүнчү сөздүн экинчи бөлүгү

Рисале-и Нур @risaleinur_kg
Жаштык

(Азгыруучу бузукулук ичинде жүрүшүп, акылын жогото элек кээ бир жаштар менен баарлашуу)


Азыркы алдоочу жана азгыруучу бузукулук менен жаман сезимдердин чабуул коюп жаткан мезгилинде «Акыретибизди кантип куткарабыз?» – деп, кээ бир жаштар Рисале-и Нурдан жардам сурашты. Мен да Рисале-и Нурдун атынан аларга мынтип айттым: Мүрзө бар, эч ким жокко чыгара албайт. Кааласа да каалабаса да баары ал жерге барышат. Ал эми ал жерге кирүүнүн да үч жолдон башка жолу жок.


Биринчи жол: Ал мүрзө – ыймандуулар үчүн бул дүйнөдөн да сонун бир ааламдын эшиги.


Экинчи жол: Акыретти тастыктаган, бирок дале бузукулук менен адашуу жолунда бараткандарга түбөлүктүү түрмө жана бардык сүйүктүүлөрүнөн айрылуу ичиндеги жекече абак, жападан жалгыз камала турган түрмөнүн эшиги. Ошондой көргөндүгү, ишенгендиги жана ынангандыгы сыяктуу аракет кылбагандыгы үчүн дал ошондой мамиле көрөт.


Үчүнчү жол: Акыретке ишенбеген ыймансыздар менен адашкандар үчүн түбөлүктүү жок болуу эшиги…Тагыраак айтканда өзүн да, бардык сүйүктүүлөрүн да асып жок кыла турган дар сыяктуу. Ошондой деп билгендиги үчүн дал ошондой жаза көрөт. Бул эки нерсе абдан ачык-айкын, далил да талап кылбайт, көз менен көрүнүп турат. Ырас, ажал жашыруун, өлүм да ар дайым башыңды кесүү үчүн келип калышы мүмкүн жана жаш-кары деп айрымалабагандыктан, албетте дайыма көз алдында өтө чоң коркунучтуу бир маселе менен бетме-бет турган бечара инсан ошол түбөлүктүү жок болуудан жана соңсуз, жекече кармоочу түрмөдөн кутулуунун чарасын издөө жана мүрзөнүн эшигин түбөлүктүү ааламга, түбөлүктүү бактылуулукка жана нурдуу ааламга ачылган эшикке айландыруу маселеси – ал инсандын дүйнө сыяктуу эң чоң маселеси болуп саналат.


Бул ачык-айкын болгон акыйкат ушул үч жол менен боло тургандыгын жана ушул үч жолдун да жогорудагы үч акыйкат менен боло тургандыгын кабар берген бир жүз жыйырма төрт миң колдорунда тастыктоочу белгилери болгон мужизалары бар болгон пайгамбарлар жана ал пайгамбарлардын кабар берген дал ошол кабарларын кешф, зевк жана шухуд аркылуу тастыктаган жана мөөр баскан жүз жыйырма төрт миллион олуялардын дал ошол акыйкатка күбө болуулары жана сан жеткис аалымдардын ачык-айкын далилдери менен ошол пайгамбарлар менен олуялардын берген ошол кабарларын акылга сыя турган илимий түрдө далилдешкен жана токсон тогуз пайыз анык ыктымал менен «жок болуу менен түбөлүктүү зындандан кутулуу жана ал жолду түбөлүктүү бакытка айландыруу жалгыз гана ыйман жана итаат менен болот…» – деп, бир добуштан кабар берип жатышат.


Таң калыштуу, бир пайыз коркунучка түшүү ыктымалы болгон коркунучтуу жолго түшпөө үчүн жалгыз бир кабарчынын сөзү эске алына турган болсо жана анын сөзүн укпастан ал жолдо бараткан адамдын коркуу сезиминен пайда болгон руханий азабы анын тамакка болгон табитин да качырып жибергени сыяктуу ушундай жүз миңдеген чынчыл кабарчылардын жүз пайыз ыктымал менен адашуу менен бузукулук жолу көз алдыңдагы мүрзө дарына жана түбөлүктүү жеке-түрмөгө түшүүгө анык себеп болгондугун, ал эми ыйман менен ибаадат болсо жүз пайыз ыктымал менен ошол дарды жок кылып, ошол жекече түрмөнү биротоло жаап ушул көз алдыңдагы мүрзөнү түбөлүктүү бир казынага жана бакыт сарайына алып бара турган бир эшикке айландырат деп кабар берип жана анын далилдери менен белгилерин көрсөтүп жатышса да, ушул таң калыштуу, коркунучтуу жана улуу маселенин астында бетме-бет турган бечара инсан, өзгөчө мусулман адам эгерде ыйман менен ибаадаты болбой турган болсо, бүткүл дүйнөнүн бийлиги менен ырахаттары жалгыз бир адамдын колуна бериле турган болсо да ошол көз алдындагы ар дайым ал жакка чакырылууга кезегин күтүп турган ал адамга берген ошол кабатырлануудан пайда болгон аянычтуу кайгыны жогото алабы? Силерден сурап жатам.


Ырас, карылык, оорулар, кыйынчылыктар жана ар тарапта болуп жаткан өлүмдөр ошол коркунучтуу кайгыны ого бетер ырбатып эскертип жатышкандыктан, албетте ошол адашкандар менен бузуку жолдогулар жүз миңдеген ырахат алышса да бары бир ошол руханий тозок жүрөгүндө жашап өрттөп турат. Бирок, капилеттин өтө калың акмакчылыгы убактылуу ага сездирбейт.


Ырас, ыймандуулар менен итаат кылгандар көз алдында көрүп турган мүрзөнү түбөлүктүү бир казына жана өзү үчүн соңсуз бактылуулуктун эшиги болгондугун билгендиктен, албетте ошол түбөлүктүү тагдыр оюнунан миллиарддаган алтын жана алмаздарды уттуруп бере турган бир билет дагы ыйман менен болоорун да билет. Ар дайым: «Кел, билетиңди ал!» – деп күтүп туруусунан терең, негиздүү жана чыныгы ырахат алат. Анткени, эгер денелеше турган болсо, ал урук бир дарак боло турган болсо, ал адамдын жекече бир Бейиши сыяктуу боло турган болсо да, ошол улуу ырахатты таштап, жаштыктын мастыгы менен ошол чексиз кайгылар менен толгон уулуу балга окшогон бузукулук менен убактылуу шарияттын сыртындагы ырахаттарды тандаган адам жаныбарлардан да жүз эсе төмөн түшөт. Башка динсиздер сыяктуу да боло албайт. Анткени алар бир пайгамбарды кабыл этпесе да башкаларын тааный алышат. Пайгамбарларды билишпесе да Аллахты тааный алышат. Аллахты билишпесе да жеткилеңдикке себеп боло турган кээ бир сонун мүнөздөрү болушу мүмкүн. Бирок, бир мусулман пайгамбарларды да, Жаратуучусун да, бардык жеткилеңдиктерин да Мухаммад Алейхиссалаату вассалам аркылуу билет. Анын тарбиясын таштаган жана чынжырынан чыккан башка эч бир пайгамбарды (АС) тааныбайт, Аллахты да тааныбайт. Рухунда да жакшы касиеттерди сактап кала турган эч бир негизди билбейт. Анткени, пайгамбарлардын эң акыркысы, эң улуусу, дини жана дааваты жагынан бүткүл адамзатка карагандыгы үчүн, мужизалары жагынан да дин жагынан да баарынын үстүндө, бардык адамзат менен акыйкатка устат болуп, он төрт кылымдан бери жаркыраган түрдө далилдеген жана бүткүл адамзаттын сыймыгы болгон бир адамдын негизги тарбиясы менен динин таштаган адам албетте эч бир жактан бир нур жана жакшы касиет таба албайт. Чыныгы төмөндөөгө дуушар болот.

Мына, эй бу дүйнө жашоосунун ырахаттарына талпынган жана эртеңки күндүн кайгайын ойлоо менен жашоосун камсыздоо үчүн тырмышкан бечаралар! Бу дүйнөнүн ырахатын, даамын, бакытын кааласаңар, шарияттын чөйрөсүндөгү ырахаттарды жеткиликтүү көргүлө. Алар ырахаттанууга жеткиликтүү. Анын сыртында жана шарияттын чөйрөсүнөн сыртындагы бир ырахаттын ичинде миңдеген кайгылар бар болгодугун жогорудагы баяндардан албетте түшүнгөндүрсүз. Эгер өткөн мезгилдеги окуяларды кино аркылуу азыркы учурда көрсөтүп жатканы сыяктуу, келечекте боло турган окуяларды дагы, мисалы элүү жылдан кийинки жагдайларды кино аркылуу көрсөтүлө турган болсо, бузуку жолдогулар азыркы күлүп жаткандарына жүз-миң жолу жийиркенишип ыйлашмак. Бу дүйнөдө да акыретте да түбөлүктүү кубанычтуу жашоону каалаган адам ыйман чөйрөсүндөгү Мухаммад (АСВ)дын тарбиясын өзүнө туу тутуп бекем кармануусу керек.


Булак: Рисале-и Нур Куран тафсири

🌐 Telegram:@risaleinur_kg

Report Page