ОРОЗОНУН МААНИСИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

ОРОЗОНУН МААНИСИ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Рисале-и Нур

Ислам дининин беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.


Орозо – адам баласынын ар кандай күнөөлөрдөн оолак туруп, өз напсисин көзөмөлдөөсү үчүн өтө ыңгайлуу ибадат болуп эсептелет. Адам баласын жалкоолукка жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна себепкер болгон нерсе – бул кумардануу, аша тоюнуу. Андыктан орозо кармоо жолу менен адам баласы ачка жүрүүгө, кумадануудан алыс болуп напсисин көзөмөлдөөгө үйрөнөт. Ошентип орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон аёо, жардам берүү сезимдери күчөйт. Асыресе, орозо арам иштерден оолак болууга, ыплас сөздөрдөн, ушак-айыңдан алыс болууга үйрөтөт.


Рамазан айында мусулман баласы орозо кармоо, Куран окуу, таравих намазын окуу жана башка ушул сыяктуу ибадаттар менен руханий жашоосун жандандырат. Береги жандандыруу аракети анын бир жыл бою ушул калыбынан жазбай жүрүүсүнө шарт түзөт.


Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу менен гана чектелбестен арам нерселерди кароодон, арам тамактан, жаман сүйлөөдөн, урушуудан жана пайдасыз нерселер менен алектенүүдөн оолак болот. Ал убактысын туура пайдаланууну үйрөнөт. Болбосо орозо кармаган адам жеп-ичүүнү токтоткону менен башка жаман адаттарын таштабаса, куттуу хадисте айтылгандай, жөн гана ач болгону болбосо ага эч кандай деле сооп болбойт.


Орозо – адамдын эркин күчөтүп изги мүнөздөрүн калыптандырат жана ага ырааттуу жашоону үйрөтөт. Адамды сабырдуу болууга үйрөтөт. Орозо – байларга, бардарларга кедей-кембагалдардын абалынан кабардар кылат. Адамдардын бири-бирин туура түшүнүүгө, жардам көрсөтүүлөрүнө жол ачат.


Орозо ошондой эле адамдын ден-соолугу үчүн да абдан пайдалуу ибадат. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта: «Орозо кармагыла, ден-соолугуңарды чыңдагыла!» деген. Мына ушунун баары динибиздин жалпы ибадаттары сыңары орозо ибадаты да адамдын, коомдун дүйнөлүк жана акыреттик пайдалары үчүн парз кылынгандыгын айгинелейт.


Орозо ибадаты адамдын мурунку күнөөлөрүн тазалайт. Бул жөнүндө куттуу хадисте: «Чын ыкласы менен жана сообун бир Алладан күтүп (үмүт кылып) Рамазан айында орозо кармаган адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Савм – 6) деп айтылат.


Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Шаабан айынын акыркы күнү (Рамазан айына бир күн калганда) кутпа окуп кутман сахабаларына кайрылып:

«О, мусулмандар! Куттуу айга кирүүнүн алдында турасыңар. Бул айда миң айдан да артык Кадыр түнү бар. Алла Таала күндүзү орозо кармоо менен өткөрүүнү парз, түнкүсүн таравих намазын окууну напил кылуу менен куттуу кылган ай. Бул айда ким бир жакшылык кылса, жөн учурларда бир парзды орундаткан адам сыяктуу сооп табат. Ал эми парзды орундаткан адам башка айларда жетмиш парзды орундаткан адамдай сооп табат.


Бул ай – сабырдуулуктун айы. Сабырдуулуктун түбү – бейиш.


Бул ай – жакшылыктын, жардам берүүнүн айы.


Бул ай – момун-мусулмандын ырыскысы көбөйгөн (ырыскысына береке кирген) ай.


Ким орозо кармаган бир адамга ооз ачырса, бул күнөөлөрүнүн кечирилишине, тозоктон кутулушуна себеп болот. Ооз ачырылган адам тапкан сооптон эч кемибестен ага да ошончолук сооп берилет» дейт. Сахабалар:


«Арабыздан кээ бирибиз орозо кармаган бир адамга да ооз ачырууга мүмкүндүгүбүз жок…» дешет. Анда Алланын Элчиси:


«Алла Таала бул соопту орозо кармаган бир адамга бир курма же бир ууртам суу же сүт менен ооз ачырган адамга да берет» деп жооп кайтарып кутпасын улантып:

«Бул айдын башы ырайым, ортосу кечирим, аягы тозок отунан кутулуу. Ким (бул айда) буйругундагылардын жүгүн жеңилдетсе, Алла Таала аны кечирип, тозок азабынан азат кылат.


Бул айда төрт нерсени көп кылгыла. Мунун экөөсү менен Эгеңерди ыраазы кыласынар, экөөсүн баары бир кылбай койбойсуңар. Жараткан Алланы ыраазы кыла турган эки нерсе мына булар: бири «Лаа илааха иллаллах» деп Жараткандын жалгыздыгына күбөгө өтүшүңөр, экинчиси Андан кечирим тилешиңер. Ал эми баары бир кыла турган нерсеңер Алладан бейишти сурап, тозоктон кутулууну тилешиңер.


Ким орозо кармаган бир адамды тойгузса, Алла Таала аны менин көлмөмөн даам сыздырат. Ошентип ал бейишке киргенге чейин экинчи сууга зар болбойт» (Ибн Хузайма, Сахих, Бейрут, 1975, тхк. М.М.Азами, III, 191-192


Хадистерде айтылган:


«Көңүл бургула! Рамазан айындагы сооп жана күнөөлөр кат-кат болуп жазылат. Рамазанда көп намаз окугула! Көп-көп Куран окугула!”


«Рамазан айынын келүүсүнө кубанганды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркуусунан коргойт.”


«Эгер пенделер куттуу Рамазан айындагы фазилат жана ихсандарды билишкенде жылдын толугу менен Рамазан болуусун каалашмак. Себеби, мында көп сооп бар.”


«Рамазан айында бир күнөө кылуудан баш тарткан адамдын он бир айлык күнөөсүн кечирет.”


«Рамазан Айт күнү периштелер жолдордун четтерине турушуп, Айт намазына бара жаткандарга мына бул сүйүнчүнү беришет: Эй момундар жамааты, силерге сыйлык, жакшылык жана мол-мол ниматтарды бере турчу керем жана ихсан ээси Раббиңерден тилегиле! Себеби, Ал силерге түндү ибадат менен өткөрүүнү буйрук кылды, силер орундадыңар. Ал силерге күндүз орозо кармоону буйрук кылды, силер кармадыңар. Ал силерге Раббиңерге моюн сунууну буйрук кылды, силер болсо моюн сундуңар. Андай болсо сыйлыгыңарды алгыла! Намаздан кийин бир периште мындай деп үн салат: Эй, момундар, билгиле, бүгүн шексиз сыйлык күнү, күнөөлөрдөн кутулуу күнү жана айыптардан тазалануу күнү.”


II. ОРОЗОНУН АНЫКТАМАСЫ


Орозо бул ибадат кылуу ниети менен саарлык убагынан баштап, күн батканга чейин жеп ичүүдөн, жыныстык катнаштан оолак болуу.


Саарлык убагы куптан намазынын убагы чыгып, багымдат намазынын убагы кирген учур.


Багымдат намазынын убагы кириши менен орозо башталган болот. Ооз ачар күн батып шам намазынын убагы киргендеги учур.



📚 @Risaleinur_kg

Report Page