Кумар ойноо
https://t.me/https://t.me/risaleinur_kg
КУМАР ОЙНОО ❌✅
📜 Ислам дининдеги чоң күнөөлөрдүн бири – кумар ойноо. Исламда адал киреше табуу жолдору белгилүү. Мусулман адам өз маңдай тери менен иштеп, эмгек кылып акча табат. Ислам шанска таянган (лотерея сыяктуу) ойундарды арам кылган. Ошондуктан ислам аалымдары мындай ойундардын баары кумарга кирерин баса белгилешкен. Бүгүнкү күнү кеңири кулач жайган лотерея, оюн автоматтары, «картошка» оюндарынын баары кумарга кирет. Мындан сырткары ат жарыш, биллярд сыяктуу спорт түрлөрүнө карата шанс оюндары (маселен, эки адамдын ортосундагы мелдешүү же ставка коюшуу) да кумарга кирип, арам болуп эсептелет. Кумар ойноо, ойнотуу жана мындай жерлерден акча табуу чоң күнөө. Куранда төмөнкүчө буюрулат:
🔸️ «О, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Мындан сактангыл! Мүмкүн кутулаарсыңар. Шайтан арак, кумар менен ортоңорго кек салып от жагып, Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт…» (Маида сүрөсү, 90-91).
🔸️ Кумар дин Исламда өзгөчө баса белгиленген адал киреше табуу, адам укугу, акыйкат, адилеттүүлүк сыяктуу жагдайларга түк дал келбейт. Кумар – бул эч кандай эмгек кылбастан башка адамдардын акыларын жөн жерден алуу. Бүгүнкү күнү кумардын түрү абдан көбөйүп көптөгөн адамдарды өз таасирине алып коомдук көйгөйлөрдү жаратып жаткан чакта мындай жолдордон оолак болуу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Кумардын зыяны айтпаса да айдан ачык. Ошондой болсо да бир-эки ооз сөз айтсак ашыкча болбос. Кумар адамды кебез менен мууздаган, өтө тез ырбап, тез жуккан жугуштуу оору сыяктуу. Ал ар дайым адамдар ортосуна от жагып, келишкис душманга айлантып, андан ары коомдук бейпилдикке, тынчтыкка доо кетирип, коомдук ынтымактын ыдырашына чейин алпарат. Кумар адамдын жеке өзүн да, үй-бүлөсүн да туңгуюкка бууп, өзүн-өзү өлтүрүүгө, үй-бүлө келечегине ар кандай коркунучтардын жаралышына шарт түзөт. Ошондуктан бул өтө орчундуу маселе.

🔹️ Бүгүнкү күндүн эң иридеги көйгөйлөрүнүн бири – бул «акча тапсам болду, калганы мени кызыктырбайт» деген чолок ойдун кеңири кулач жайышы. Мусулман баласы эч качан мындай ойго кирбеши кажет. Ал тек гана адал жолго багыт алышы керек. Ал өз акысынан тышкаркы арам кирешенин эртең эле акыретте тозок отуна айланып алдынан тосуп чыгарына кынтыксыз ишенет. Акы-укук, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк жана калыстык Ислам дининин эң маанилүү негизги эрежелеринен болуп саналат.
Булак: Рисале-и Нур Куран тафсири
🌐 Telegram: @risaleinur_kg