Каапыр адам менен Абу Ханифанын окуясы.

Каапыр адам менен Абу Ханифанын окуясы.

https://t.me/risaleinur_kg

📜 Бир жолу бир каапыр адам мусулмандарга келип, бул дүйнө өзүнөн өзү жаралган, кудайдын бул нерсеге тиешеси жок деген сөздөрдү айтып, башын оорутат. Ошондо мусулмандар ага, мусулмандардын илимдүү адамы менен жолугуп, аны менен сүйлөшүүсүн сунушташат. Акыры каапыр адам мусулмандардын илимдүүсү имам Абу Ханифа менен сүйлөшүүгө макул болот. Имамга анын айтканын жеткиришкенде, каапыр менен эртеси бир белгилүү убакытта кезигүүгө макулдугун берет.


Эртеси болуп, белгиленген убакыт келгенде адамдар, имам менен каапыр кезигишчү жерге жыйнала баштайт. Ангыча каапыр да ал жерге келип калат, имамдан дале кабар жок. Бир саат убакыт өтөт имам дале жок, тиги каапыр калын элдин алдына туруп алып, мына силердин билимдүүнөр менин суроолорума жооп бериштен качып келбей жатат. Мына силердин имамынардын дээнгели деп, өзүнө өзү курсант боло баштайт. Арадан эки саат өтүп, тиги каапыр имамынар келбей калды, менден коркуп келбей калды деп кетеринде, имам ары жактан пайда болот, энтеге басып. Аны көрөрү менен берки каапыр кыйкыра баштаган экен «Кечигип кайда жүрөсүн? Ушунча элди, мени сыйлабаганын ушу да. Ушунча адамды күттүрүп коюп кечигип келгенин кандай?» деп. Анысына имам: «Менин кечиккенимдин себебин сурабайсынбы, мен атайын кечиккен жокмун» — деп, сөзүн минтип улаган экен:


«Бул жолугушууга келейин деп эртелеп чыккам, үйүм тиги өйуздө болгон себебинен, дарыянын жээгине келсем бир да кайык жок. Ары карайм бери карайм. демейде жайнап турган бир кайык жок. Ошентип, кыжалат болуп турдум, каап эртерек чыкпай деп. Антип турсам эле кудай жалгап катуу шамал башталып, бактын бутактары сынып сууга түшүп, алар өзүнөн өзү эле кайык болуп куралып калып, анан ошол кайыкка түшүп бул жерге келбедимби. Кечиккен себебим ушу» — дейт. Имамдын айтканын уккан тиги каапыр: «Ой боорду эзбечи, жаш баланын кебин айтпай, сен менен жолуккандан коркуп келбей жаттым дебейсинби, болбогон жомокту айтпай. Өзүнөн өзү кайык жаралып калганын кайдан көрдүн эле?» — деп, чогулган элге кайрылып: «Уктунарбы бул эмне деп дөөрүп жатканын? Бунуңар мээсинен айныган эме» — деп каткыра баштаган экен. Ошондо имам:


«Эми мени ук, мен адамдарга кайык өзүнөн өзү жаралды десем, мени келесоо деп жатасын, ал эми адамдарга бул дүйнө өзүнөн өзү жаралган деген адам ким болот анда?» — деген экен. Имамдын айтканын уккан калын эл каткыра баштаганда, каапыр эмне дээрин билбей, басып кеткен экен.



https://t.me/risaleinur_kg

Report Page