КУРМАНДЫК ЧАЛУУ

КУРМАНДЫК ЧАЛУУ

@kaarylar_quran

Курмандык – бул белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде Жаратканга жакындоо, Ага ибадат кылуу ниети менен чалынган мал. Белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ мусулман адам үчүн Курман айттын алгачкы үч күнүнүн биринде курмандык чалуу важип болуп саналат. Калган үч мазхап боюнча, курмандык чалуу сүннөт. Куранда:

«Эгеңе намаз оку жана курмандык чал» (Каусар 2).

«Курмандык мал-жандыктарын силер үчүн Алланын белгиси катары жараттык…» (Хаж 36) деп буюрулат. Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Мүмкүнчүлүгү жете туруп, курмандык чалбаган адам биздин мечитке жакындабасын» (Ибн Маажа, Адахи, 2). Имам Азам агымынын аалымдары мына ушул хадиске таянып, курмандыктын важип болгондугун айтышат. Дагы бир хадисте: «О, эл-журт! Ар бир үй-бүлөгө ар жыл үчүн бир курмандык чалуу керек» (Тирмизи, Адахи, 18) делет.

Курмандык бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тооба келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-нематтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

I. КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН ВАЖИП БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР

Төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу важип болуп эсептелет:

А. Мусулман болуу

Б. Акыл-эси соо, балагатка жеткен болуу

В. Сапар учурунда болбоо

Г. Айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. Тагыраак айтканда, эң азынан 80 грамм алтын өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болуу.

II. КУРМАНДЫКТЫН РУКУНУ (түркүгү)

Курмандыктын рукуну – мал-жандыктын мууздалышы. Мууздалбаган малдын өзүн же анын акчасын садага кылуу менен курмандык ибадаты орундалган болбойт. Курмандык чалуу ибадат болгондугу үчүн ага ниет кылуу шарт.

Курман айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү курмандык чалууга болот. Курмандыкты биринчи күнү чалуу абзел. Айт намазы окулган жерлерде курмандык айт намазынан мурда союлбашы керек. Бул Азирети Мухаммад саллаллаху алейхи васалламдын буйругу. Айт намазы окулбаган жерлерде айт күнү багымдат намазынын убагынан баштап курмандык чала берсе болот. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.

Курмандык кой, эчки, төө жана уй түрлөрүнөн гана чалынат. Буйволдор да уй тукумуна кирет. Курмандыктын жашы боюнча төмөнкү шарттар талап кылынат: кой-эчки 1 жаш болушу керек. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет. Уй түрү эки жашты толуктап үчүнчү жылга кирген болушу кажет. Ал эми төө беш жашка толгон болушу керек.

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок-өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт. Курмандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз өзү көрсөтүп кеткен. Мына ошол көрсөтмө боюнча гана союлган мал курмандык болуп саналат.

Мал-жандыктын курмандыкка жооп беришине негизинен төрт жагдай тоскоолдук жаратат. Демек, бир көзү сокур, ылаңы бар, аксак же көтөрүм мал курмандыкка жарабайт. Мына ушул жагдайларга салыштырма жолу менен аныкталган кошумча кемтиктер төмөнкүлөр: көпчүлүк тишинин жок болушу, кулактарынын кесик болушу, бир же эки мүйүзүнүн тең түбүнөн жок болушу, куйругунун жартысынан көбү жок болушу, эмчегинин учтары кесик болуу. Мындай кемтиктер мал-жандыктын курмандыкка чалынышы үчүн тоскоолдук жаратат.

Кой-эчкини биргелешип курмандыкка чалууга болбойт. Аны бир гана киши чалышы керек. Уй же төө түрүндөгү курмандыкты эң көп жети киши биргелешип союуга болот.

Курмандыкка биргелешкен адамдардын баары мусулман, Жаратканга ибадат кылуу ниетинде болушу керек. Ошондой эле бардыгы важип же мандуп болгон курмандыктардын бирине ниет кылуулары кажет. Эгер араларынан бири гана эт алуу үчүн ортоктош болсо, бардыгынын курмандык ибадаттары жараксыз болуп саналат.

 Ортоктош союлган курмандыктын этин таразага тартып бөлүшүү зарыл. Курмандык көз божомол менен бөлүнбөйт.

Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алпаруу кажет.

Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү соёт. Малды соё турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт:

«Инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил-ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам 162). Аяттын маанисин дуба иретинде да айтса болот. Аяттын мааниси төмөнкүчө: «окуган намазым, курмандыгым жана башка ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана. Анын эч бир шериги жок»

Шариятка ылайык мууздоо үчүн мал-жандыктын дем алуу түтүгүн, кекиртегин жана бул экөөнүн жанында орун алган эки күрөө тамырды кесүү зарыл. Мунун эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат.

Малды өткүр бычак менен мууздап, жаны чыкканга чейин башы денесинен бөлүнбөшү керек. Ошондой эле жаны чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.

Мал-жандыкты кыбыла тарапка каратып мууздоо сүннөт болуп эсептелет. Уй жана кой түрү сол ыптасынан жаткырылып, ал эми төө алдыңкы сол буту байланып өйдө турган калыбында мууздалат.

Курмандык чалууга милдеттүү адам курмандык чалбай айтты өткөзсө, анын мойнунан бул милдет түшпөйт.

Айттын биринчи күнү чак түшкө чейин айт күнү болгондугу билинсе, айт намазы окулат, курмандык чалынат. Чак түштөн кийин билинсе, ал күнү курмандык чалынат. Ал эми айт намазы эртеси күнү окулат. Курмандыкка чалынчу мал тууса, баласы менен кошо мууздалат. Эгер баласы мууздалбаса, анын наркы садага иретинде берилет. Курмандыкка союлчу малдын сүтү саалса, аны садага кылуу керек. Курмандык чалуунун ордуна анын акчасын садага иретинде берүү курмандык болуп эсептелбейт.

Жаңы төрөлгөн наристе үчүн Жараткан Аллага шүгүр келтирүү максатында союлган мал «акика курмандыгы» деп аталат. Акика курмандыгы мубах болуп эсептелет. Акика курмандыгын наристенин төрөлүшүнө 7 күн болгондо чалуу мустахап. Асыресе, акика курмандыгын бала жети жашка чыкканга чейин чалса да болот. Наристенин төрөлүшүнүн 7-күнү балага ысым берүү, чачын алып, анын өлчөмүндө алтын же күмүш садага кылуу абзел.

Акика курмандыгына да курмандыкка жараган малдардан чалынат. Акика курмандыгынын этинен касапчы, курмандык чалган адамдын үй-бүлөсү, тууган-туушкандары пайдаланса болот. Андан кедей-кембагалдарга да берүү мүмкүн.

Жаңы төрөлгөн наристенин оң кулагына азан, сол кулагына комат айтуу – бул мустахап болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз небереси Хасандын оң кулагына азан айтканы хадис китептерде жазылуу. (Абу Дауд, Адаб, 107). Ошентип жаңы төрөлгөн балага алгач азан үнү угузулуп, шайтандын ар түрдүү азгырык шыбыштарынан Аллага баш калкаланган болот.

Балага төрөлгөн күнү же кийин ат коюлат. Жакшы ысым коюу сүннөт. Ислам ишенимине карама-каршы маанидеги аттар же Исламга душмандыгы менен атагы чыккан адамдардын аттары мусулман баласына коюлбайт. Мурда коюлган ысымдын мааниси начар болсо, аны жакшы ысымга алмаштырып коюу дурус.


🌐 Telegram: @Kaarylar_Quran


Report Page