Биринчи сөз. Бисмиллахты эмне үчүн айтабыз❓️

Биринчи сөз. Бисмиллахты эмне үчүн айтабыз❓️

Рисале-и Нур
Бисмиллахир рахмонир-рохиим

📜

وَ بِهِ نَسْتَعِينُ

اَلْحَمْدُ لِلّٰهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ وَ الصَّلاَةُ وَ السَّلاَمُ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ اَجْمَعِينَ

Эй бир тууганым! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир жоокер болгонуң үчүн, аскердик мисалдар менен айтылган сегиз чакан аңгеме аркылуу бир нече акыйкатты напсим менен бирге уккун. Себеби мен өз напсимди баарынан көбүрөөк насыйкатка муктаж деп ойлоймун. Бир топ жыл илгери сегиз аяттан пайдаланып жазган «Сегиз Сөздү» бир аз узунураак кылып напсиме айткан элем. Азыр кыскача жана карапайым элдин тили менен напсиме дагы айтамын. Ким кааласа напсим менен бирге уксун.

БИРИНЧИ СӨЗ

«Бисмиллах» – бардык жакшылыктын башы. Биз дагы оболу аны менен баштайбыз. Эй напсим, бул куттуу сөз – Исламдын белгиси болуу менен бирге бардык ааламдагы жаратылган нерселердин абал тилдери менен ар дайым кайталап айтып жаткан зикири экендигин билип ал.

«Бисмиллах» – канчалык түгөнбөс бир кубат, канчалык бүтпөс бир береке болгонун түшүнгүң келсе, төмөнкү тамсилдештирилген окуяга кара, кулак сал… Мындайча:

Байыркы көчмөн арабтардын чөлдөрүндө саякатка чыккан адамдын каракчылардын жамандыктарынан кутулуу жана керектүү нерселерин издеп табуусу үчүн бир уруу башчысынын наамын алып, анын карамагына кирүүсү керек болчу, болбосо жалгыз керт башы менен чексиз душмандары менен муктаждыктарынын алдында бушайман болмок. Мына ушундай бир саякат үчүн эки адам чөлгө сапар тартышты. Алардын бири кичипейил эле, экинчиси болсо менменсинген эле. Кичипейилдүүсү бир уруу башчысынын наамын алды, а менменсингени болсо албады. Наамды алган кичипейил адам бардык жерде сак-саламатта жүрдү. Жолун тосуп, талап-тоноочу каракчыларга туш келсе: «Мен баланча деген уруу башчынын наамы менен кыдырып жүрөмүн» — дейт. Каракчылар да ага тийише алышбайт. Эгер бир чатырга кирсе ошол наам аркылуу сый-урматка ээ болор эле. Ал эми тигил менменсинген адам болсо, бүткүл саякатында айтып бере алгыс балээлерге жолугат. Ар дайым титиреп, ар дайым тилемчилик кылаар эле. Ошентип кор болду жана да абдан уят болду.

Мына эй, менин менменсинген напсим! Сен ошол мисалдагы саякатчысың. Бул дүйнө болсо бир чөл. Алсыздыгың менен жакырдыгың чексиз. Ал эми душмандарың менен муктаждыктарың да соңсуз. Ырас, акыйкат мына ушундай болгон соң, бул дүйнөнүн Түбөлүктүү Кожоюнунун жана эзелтеден бери өкүмүн жүргүзүп келе жаткан Өкүмдарынын ысымын ал… Ошондо гана бардык ааламдагы нерселерге тилемчи болуудан жана ар бир коркунучтуу окуялардын алдында калтырап-титирөөдөн кутуласың…

Ооба, бул сөз сенин чексиз алсыздыгың менен жардылыгың аркылуу сени соңсуз кудурет менен ырайымга байланыштырып, Ырайымдуу жана Кудуреттүү болгон Аллахтын алдында алсыздык менен жардылыкты эң кабыл болуучу бир шапаатчы кыла турган берекелүү казына болуп эсептелет. Ооба, бул сөз менен аракет кылган адам аскердикке кабыл алынган адамга окшойт. Ал адам өкмөттүн атынан аракет кылат. Эч кимден тайманбайт. Мыйзамдын аты менен, өкмөттүн аты менен сүйлөйт, бардык ишти кылат, бардык нерсеге каршы тура алат.

Сөзүбүздүн башында: «Бардык жаратылган нерселер өздөрүнүн абал тилдери менен «Бисмиллах» деп айтышат» – деп айткан элек. Ошондойбу?

Ооба, эгерде жалгыз бир адам келип, бүткүл шаар тургундарын мажбурлап бир жерге алып барды жана аларды мажбурлап иштеттирди дейли. Албетте эч күмөнсүз, ал адам өзүнүн аты менен, өзүнүн күч-кубаты менен иштеттирип жатпагандыгын, тескерисинче ал бир өкмөттүн адамы экендигин, Өкмөттүн атына аракет кылып жаткандыгын жана бир падышанын күч-кубатына таянып тургандыгын айдан-ачык биле аласың. Дал ушул сыяктуу, бардык нерселер Аллах Тааланын аты менен аракет кылып жатышат. Ошондуктан күкүм сыяктуу майда уруктар менен үрөндөр үстүлөрүндө чоң-чоң дарактарды жана тоодой болгон оор жүктөрдү көтөрүп турушат. Демек, ар бир дарак «Бисмиллах» деп айтат, Аллахтын ырайым казынасынын мөмө-жемиштеринен колдоруна толтурушуп, бизге тартуулап жатышат. Ар бир бакча да «Бисмиллах» дейт. Ичинде бир эле учурда түркүн-түрдүү даамдуу тамактар бышырылып жаткан Аллахтын кудурет ашканасынын бир «казаны» болуп саналат. Ар бир уй, төө, кой жана эчки сыяктуу берекелүү жаныбарлар да «Бисмиллах» деп айтышат, Аллахтын ырайым казыналарынын сүт булагы болуп эсептелет. Бизге Раззак аты менен абдан тунук, абдан таза жана мүрөктүн суусу сыяктуу болгон азыкты сунуп жатышат. Бардык өсүмдүктөрдүн, дарактардын жана чөптөрдүн жибектей жумшак түптөрү менен тамырлары да «Бисмиллах» дешет. Катуу болгон таш менен топуракты жарып өтөт. «Аллахтын аты менен, Рахмандын аты менен» — дешет, бардык нерсе аларга баш ийишет. Ооба, жер үстүндө бутактардын жайылып өсүп жана жемиш берип жатышканы сыяктуу, ошол катуу таш менен топурактын астындагы тамырлардын да кыйналбастан, ээн-эркин жана өтө оңойлук менен жер астында жайылуусу жана жемиш берүүлөрү, анын үстүнө кактап куйкалаган аптапка каршы назик жана жашыл жалбырактарынын узак айлар бою нымды сактап туруусу материалисттердин оозуна өтө каттуу сокку урат. Көр болгурдун көзүнө сөөмөйүн саят да: «Сенин ишенген катуулугуң менен ысыктыгың да Аллахтын буйругу астында аракет кылышат, анткени ошол жибек сымал жумшак тамырлар Муса(АС)дын аса-таягы сыяктуу فَقُلْناَ اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْحَجَر буйругуна баш ийүү менен катуу таштарды да жарып өтөт. Жана дагы ошол тамекинин кагазындай жука болгон назик жалбырактар да Ибрагим(АС)дын ар бир мүчөлөрү сыяктуу от чачкан ысыктыкка каршы يَا نَارُ كُونِى بَرْداً وَسَلاَماً аятын окуп жатышат» – деп айтат.


Ырас, бардык нерселер руханий түрдө «Бисмиллах» деп, Аллахтын аты менен Аллахтын белектерин алып келип бизге сунуп жатышкандыктан биз дагы «Бисмиллах» дешибиз керек. Аллахтын аты менен берип, Аллахтын аты менен алышыбыз керек. Андай болсо, Аллахтын аты менен бербеген наадан инсандардан албашыбыз керек…

Суроо: Ортомчулук милдетин аткарышкан сатуучуларга кандайдыр бир баада акы төлөп жатабыз. Ал эми мал-мүлктүн чыныгы ээси болгон Аллах, бизден кандай акы талап кылат?

Жооп: Ооба, белектердин чыныгы ээси болгон Аллах, ушундай кымбат баалуу белектери үчүн бизден үч гана нерсе каалайт. Бири – зикир, экинчиси – шүгүр, үчүнчүсү болсо – пикир. Эң башында «Бисмиллах» деп айтуу – бул зикир. Акырында «Альхамдулиллах» деп айтуу – шүгүр. Ал эми ортосундагы болсо, ушул кымбат баалуу укмуштуудай өнөрлөр болуп эсептелген белектер – Жалгыз жана эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон Аллах Тааланын кудутеттүү мужизалары жана ырайымынын тартуулаган сыйлыктары болгондугун ойлонуу жана түшүнүү – бул пикир болуп эсептелет. Бир падышанын кымбат баалуу белегин сага алып келген бечара бир адамдын бутунан өөп, белектин чыныгы ээсин тааныбоо кандай гана акмакчылык болсо, дал ошол сыяктуу сыртынан караганда белектерди берип жаткан сыңары көрүнгөн нерселерди мактап, аларды сүйүп жана алардын чыныгы ээси болгон Аллах Тааланы унутуу да андан миң эселеген акмакчылык болуп саналат.

Эй, напси! Ушундай акмак болгуң келбесе Аллахтын аты менен бер… Аллахтын аты менен ал… Аллахтын аты менен башта… Аллахтын аты менен иште. Саламатта бол.


Report Page