ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС

ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ ХАДИС

https://t.me/BakayUstaz


ЗУЛУМДУКТУН АРАМДЫГЫ

Абу Зарр аль-Гифари (радияЛлаху анху) айтты: “Аллахтын Элчиси ﷺ Раббиси (Аллах Таала) тарабынан айтылган нерсени риваят кылып айтты:

  «О, менин пенделерим! Зулумдукту мен Өзүмө арам кылдым, жана аны силердин араңарда да арам кыллым, андыктан бир-бириңерге зулумдук кылбагыла!

  О, менин пенделерим! Мен түз жолго салгандан башкаларыңар баарың адашкансыңар, ошондуктан менден Туура Жол сурангыла, ошондо Мен силерди туура жолго саламын. О, пенделерим! Мен тоюндургандан башкаңар бүт баарыңар ачкасыңар, ошондуктан Менден азык сурагыла, ошондо Мен силерди тоюндурам. О, пенделерим! Мен кийиндиргенден бөлөгүңөр баарың жылаңачсыңар, ошондуктан Менден кийим сурагыла, ошондо Мен силерди кийиндиремин. О, Менин пенделерим, силер күндүр- түндүр күнөөгө батасыңар. Мен бардык күнөөлөрдү кечиремин, анда Менден кечирим тилегиле, Мен силерди кечиремин.

  О, менин пенделерим! Силер Мага зыян келтиргендей эч кандай зыяндын түрүн кыла албайсыңар жана Мага пайда кылгыдай эч кандай пайда да келтире албайсыңар.

  О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер болсун силер баштан-аяк бардыгыңар араңардагы эң бир таза, эң ыймандуу бирөөнүн жүрөгүндөй тап-таза ыймандуу болсоңор да, ал Менин падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кандай өлчөмдө көбөйтө албайт. О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар болсун же жиндериңер болсун, силердин бардыгыңар тең баштан-аяк араңардагы эң ыплас бирөөнүн жүрөгүндөй болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кемите албайт. О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер болсун бардыгыңар баштан-аяк бир жерге чогулуп алып, тилек тилеп Мага кайрылсаңар, а Мен болсо ар бириңе эмне тилегиңер болсо ошонун баарын берсем – бул, Мендегини, ийне деңизге малынып чыгарылгандай гана кемиткени болбосо, эч кемите албайт.

  О, менин пенделерим! Мен (силердин эмне кылганыңардын баарын көрүп-билип турамын), силердин амалдарыңарды силер үчүн эсептеп, жана ошонуңарга жараша, ар кимиңерге өз энчиңерди толугу менен беремин. Анан ким жакшылык тапса (акыретте Бейишке кирсе), ал Аллахты мактасын, ал эми ким андан башканы тапса, ал өзүн-өзү гана күнөөлөсүн!»

📚 (Муслим).

Report Page