04-хадис: Амалдар аягы менен эсепке алынат
@BakayUstazАбу Абдурахман Абдуллах ибн Масуд баяндаган хадисте ал мындай дейт: Чынчыл жана ишенүүгө татыктуу Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтып берген:
«Силердин ар бириңердин жаралууңар эне курсагында 40 күндө суюк абалда топтолот (нутфа), жана ошончолук убакыт ичинде уюган канга айланат (‘алака) жана ошончолук убакытта бир үзүм эт абалына келет (мудга). Андан кийин ага бир периште жиберилет. Периште ага рух үйлөйт жана периште төрт нерсеге буйрулат: түйүлдүктүн ырыскысын, ажалын, аткара турган иштерин, бактысыз же бактылуу боло тургандыгын жазат.
Андан башка илях жок болгон Аллахка ант ичем, силердин бирөөңөр бейишке кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп, анан аны (Бейиш) менен анын ортосунда бир чыканак аралык калганда, китептеги жазымыш өткүрлүк кылат да, тозокулардын кылчу иштерин кыла баштап, акыры Тозокко кирет.
Силердин бирөөңөр тозокко кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп, анан аны (Тозок) менен анын ортосунда бир чыканак аралык калганда, китептеги жазымыш өткүрлүк кылат да бейишилердикиндей иштерди кыла баштап акыры Бейишке кирет»
(Бухари, Муслим)