Тест

Тест


ӨЗ АЛДЫНЧАЛУУЛУККА ЭЭ АДАМСЫЗБЫ? 

Өз алдынчалуулук деген эмне? Бул, керектүү учурда жоопкерчиликти өз мойнуна алуу жана ар кандай маселеде акыл калчоо менен айкалышкан чечкиндүүлүк. Сиз, айланадагы адамдарга өз алдынча болууңуз менен мактана аласызбы? Төмөнкү тест - өз алдынчалуулук жактан өзүн-өзү тааныгысы келген окурмандарга арналат.

Тесттин суроолоруна жооп берүүдө ар бир “а” жообу үчүн – 4 балл, “б” жообу үчүн – 2 балл, “в” жообуна – 0 баллдан коюп чыгыңыз.


1.Сиз мектепти аяктаган соң, кесипке ээ болуу үчүн жогорку окуу жайга өтүүгө кантип чечим кабыл алгансыз:

а) Өз алдынча тандагансыз, анткени, өзүңүздүн жөндөмүңүздү ошол иштен билип, андан ары улантууну каалагансыз;

б) ата-энеңиздин, туугандарыңыздын ойлорун угуу менен тандагансыз;

в) жакындарыңыздын жана досторуңуздун кеңеш берүүсү менен гана тандагансыз.

       

2.Жогорку окуу жайга өтүүдө таянып-ишенгенсиз:

 а) Бир гана өзүңүздүн күчүңүзгө;

б) ийгилик коштоп кетчү экзаменге жана тааныштарга;

в) бир гана тааныштарга.


 3. Сабактарга, сессиядагы экзамендерге кантип даярданчусуз:

а) Өзүңүздүн аракетиңиз, эмгектенүүңүз менен;

б) кээде гана окутуучулардын, группалаштардын жардамына муктаж болчусуз;

в) башкалардын жардамы менен гана.


4. Жумушка кантип орношконсуз:

а) Атайы бөлүштүрүү менен;

б) тааныштардын жана билген адамдардын берген маалыматы боюнча;

в) бир гана тааныштар аркылуу.


5. Жумушта болуучу кыйын кырдаалда чечимди кантип кабыл аласыз:

а) Бир гана өзүмдүн билимиме жана иш тажрыйбама таянуу менен;

б) кээде коллегалардан консультация алганга туура келет;

в) ар дайым коллегалардын кеңеш берүүсү менен.


6. Турмуш курууда кантип чечим кабыл алгансыз (аласыз):

а) Акыркы чечимди сиз өзүңүз кабыл алгансыз (аласыз);

б) жакындарыңыздын чечими менен;

в) биринчи сиз жубайыңызды ата-энеңиз менен тааныштырып, алардын пикирин угуу менен.


7. Эгер сиздин түгөйүңүз (жубайыңыз) узак мөөнөттөгү командировкада болсо, ошол аралыкта керектүү буюмдарды, эмерек же турак-жай алуу, ошондой эле башка бир маанилүү иштерди өзүңүз чече аласызбы:

а) Ооба;

б) албетте кыла алам, бирок мындай чечимди кийинкиге жылдыра турам;

в) жок.


8. Өспүрүм куракта өз пикириңизди канчалык деңгээлде эркин билдирчү элеңиз:

а) Ар дайым билдирип турчумун;

б) эркин билдирүүнүн айынан ата-энем менен пикир келишпестиктер да болгон, бирок бири-бирибизге болгон сыйыбызды сактап калганбыз;

в) эч качан чечимди өзүм кабыл алган эмесмин.


9. Азыркы учурда сиз канчалык деңгээлде өз пикириңизди иште, үйдө, досторуңуздун арасында билдире аласыз:

а) Кандай гана кырдаал болбосун билдире алам;

б) көп учурда билдирем;

в) кээде гана.


10. Ишкердик, коомдук, интеллектуалдык чөйрөдө сиз өзүңүздү кантип өстүрүп-өнүктүрөсүз:

а) Ишиңизге берилүү менен;

б) Түгөйүңүздүн (жарыңыздын) пикир бөлүшүүсү абдан зарыл;

в) толук түрдө анын (алардын) пикири менен иш кыласыз.


11. Эгер сиздин жакындарыңыз дарыланууга муктаж болсо, же түгөйүңүз (жарыңыз) өзүн карабай ден соолугуна зыян болгон нерселер менен алышып жатканын көрсөңүз:

а) Аны өз ден соолугун кароосун талап кыласыз;

б) эмне кылышты акырындык менен ага түшүндүрөсүз;

в) ал нерсени жасоого сиз аракет кыласыз, бирок жыйынтык чыкпайт.


Упайларды санайбыз:


33 – 44 упайга чейин. Сиз баардык мамилелерде өтө эле өз алдынча адамсыз. Сиздин ишиңизге өзгөлөрдүн кийлигишкенине чыдаганды мындай кой, башкалардын айта турган пикирин да укпайсыз. Ойлонуп көрүңүз, ар кандай оң жана терс чечимдердин баарын  баалоодо сиз өзүңүзгө өтө эле ишеним артып коюп жаткан жоксузбу? Кандайдыр бир жеке максатка жетүү үчүн ашыкча эле көк беттикти карманып аткандырсыз? Эсиңизде болсун, өзүнө ишенгендик чеги менен гана болуусу керек, болбосо ал мүнөзүңүз кемчиликке айланып кетет.

15 – 32 упайга чейин. Сиздин мүнөзүӊүз абдан күчүү. Стрессти көтөрүү анча деле кыйынга турбайт. Ишенимдүү дос боло аласыз. Өзүӊүзгө, келечегиңизге ишенгениңиз өтө негиздүү. Сиз көз каранды адам эмессиз, бирок айланадагы адамдардын да пикирин тыңдай билгендиктен, алар сизди ушул мүнөзүңүз үчүн баалашат.

0 – 14 упайга чейин. Сиз абдан чечкинсиз адамсыз. Балким, ошондуктан сизге кээде көңүл кош мамиле кылышат? Өзүңүздү  чечкиндүү адамдардын катарына кошууга аракет кылыңыз. Албетте туура акыл калчоо менен гана. Жок дегенде, алгачкы кадамдагы аракетте, чечкинсиз экениңизди жүзүңүз менен билдирбеңиз. Анан акырындап-акырындап өзүңүздү өз алдынчалуулукка тарбиялаңыз. Ошондо гана сизге абдан зарыл болуп турган ишенимдүүлүк сапаты орной баштайт.


(“Көк асаба” гезити, 2016)

Report Page