Коронавирус

Коронавирус

Талас Артыкбаев

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим.

Урматтуу мусулман бир туугандар!
Коронавирустан сактануу үчүн Фатиха, Ыклас сүрөсүн 3 жолудан жана "хасбуналлооху уа ниъмал-уакийл" деп 313 жолу айтуу Ислам дининин негиздерине каршы келет.

Бул нерсе динде бидаат болуп, ага амал кылуу арам (харам) болот.

Себеби Аллах Таала Куранда:

"Ислам динин толук кылдым, андан дин катары ыраазы болдум" деген.(Маида:3)

Альхамдулилла, динибиз толук!
Эчкимдин түшүнө муктаж эмес!
Оору кырсыктын алдын алуу ибадаттары эле эмес, керек болсо Кыяматка чейинки бардык ибадаттар Куран-Сүнөттө толук келген.

Пайгамбарыбыз ﷺ мен өлгөндөн кийин дагы силердин түшүңөргө кирип шариятты үйрөтүп турам деген эмес! Тескеринче, мен силерге динди жеткирдимби?! ...Эми силер жеткиргиле! - деген.

Ошон үчүн Аллах Таала Куранда: "Билбесеңер билим ээлеринен сурагыла"! -деп
Пайгамбардын ﷺ мураскерлери болгон аалымдарга кайрылууну Өзү буйрук кылган.
Жана башка ушуга окшогон 70 жолу же 40 000 70,000 жолу деп сүннөттө эч кандай изи жок түштөн ойдон алынган зикирлерди бир ооздон динге киргизилген бидаат дешет. Динди үйрөнүдө
Авторитеттүүлөргө же атактууларга кайрылгыла деген эмес!

Ошондуктан мусулмандын башына оору түшкөндө бидаатка жол ачкан жалган түштөргө ишенбей, колубузда турган анык туура жол көрсөтүүчү Куран менен Сүннөткө кайтуубуз керек. Ал эми Куран-сүннөт түштөн мындай өкүмдөрдү алууну ачыктан ачык кайтарган. Жана мындай учурларда дуба кылууга сүннөттө келген дубалардын бири:

Анас бин Малик (радияЛлаху 'анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыздан (ﷺ):

"اللَّهمَّ إنِّي أعُوذُ بِكَ مِن البَرَصِ والجُنُونِ والجُذامِ وسَيِّئِ الأًسْقَامِ"

Аллохумма иннии а'уузу бика минал-бароси уал-жунууни уал-жузаами уа мин саййиъил-аскоом.

"Оо Аллахым, мен Сенден:
ала оорусунан, жинди болуп калуудан, пес оорусунан жана башка (бардык) жаман оорулардан сактооңду сураймын!" - деп дуба кылуу келген.

📚Абу Дауд 1554 (Шейх Албаний хадисти сахих деген)

Умар ибн Хаттабдын учурунда (хижиранын 18 жылдары) Шам өлкөсүндө (азыркы Сирияда) чума оорусу тарап, андан көптөгөн белгилүү сахабалар каза болушкан.

Алар: Абу Убайда ибн Жаррох , Муъаз ибн Жабал, Язийд ибн Аби Суфян, Сухайл ибн Амру ж.б. өтө көп мусулмандар каза болушкан. Ушул учурда Умар ибн Хаттаб динге ар кандай жаңылыктарды киргизбестен Аллах ыраазы болгон Куран-сүннөткө гана амал кылган.

Эгер ушундай өтө жаман оору тараган абалда динде Аллахтын элчиси ﷺ кимдир бирөөнүн түшүнө кирип, дуба үйрөтүү мүмкүн болгондо, анда эң биринчи Умар ибн Хаттабдын түшүнө кирип дуба үйрөткөн болор эле. Себеби Умар ибн Хаттаб Аллахтын элчисине ﷺ эң жакын адамдардан болгон керек болсо тирүү кезинде Аллах ага ыраазы болгон сахаба болгон.

Мындай оор абалда момундардын падышасы Умар ибн Хаттаб дагы түштөн эч нерсе күткөн эмес. Тескерисинче шарият, сүннөт менен чектелип, Аллах ыраазы болгон амал менен сөздү гана айткан.

Ошондуктан биз мусулмандар мындай абалда сүннөткө каршы жалган жаман амалдарды кылып ширктин үстүнө ширк, бидааттын үстүнө бидаат жана күнөөнүн үстүнө күнөө кошпой,тескерисинче Аллахка кылган күнөөлөрүбүздөн тооба кылып, адамдарды ширк, бидат ж.б. бардык харам иштерден кайтарып, садакаларды көбөйтүп, Аллахка күнү-түнү жалынып жалбарып дуба кылып, Аллах Өзү ыраазы болгон амалдарды аткарып, Аллах сүйгөн сөздү гана сүйлөшүбүз керек.

Мына бизге кылуу керек болгон нерсе ушул!

Аллах Таала баарыбызды туура жолго баштап, жалпы мусулмандарды ушул вирустан саламатта кылып, ооруган бир туугандарыбызга тез арада шыпаа беришин Аллахтын жалгыз Өзүнөн сурайбыз!

© Ислам Таануу каналы

Катталыңыз
@islamtaanuu

https://t.me/islamtaanuu


Report Page