КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголот

КСДПнын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголот

azattyk.org
Гульсана Эсенбаева

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты Гульсана Эсенбаевага кылмыш иши козголушу мүмкүн. Кылмышка жүйө деп анын Ош шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышында туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп айлык алып иштеп, ошол эле учурда санэпидемстанцияда иштеп эки жактан тең айлык алып тургандыгы.

Мындан тышкары Ош шаардык кеңешинде туруктуу комиссиянын курманыда болгон маалда, шаардык бюджетти эффективдүү пайдаланбай, өзүнө кабинет бөлдүрүп, ага ремонт кылам деп бир топ каражатты жөнү жок сарптап салган.

Ош шаарынын тургундарынын айтымында учурда Г. Эсенбаева Президенттикке талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбековду колдоп анын атаандаштарына каршы активдүү кара пиар жүргүзүп жатканын айтышууда.

Мындан тышкары ишенимдүү маалыматтарга ылайык Ош шаардык кеңешинин депутаты Гульсана Эсенбаевага дагы бир нече берене менен кылмыш иштери ачылышы мүмкүн.

Мындан тышкары депутаттын жолдошунун дагы кыңыр иштери боюнча бир нече фактылар аныкталып, учурда териштирүү иштери башталганы турат.




Report Page